Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:19

СӨӨКТӨРДҮ АЖЫРАТЫП ТААНУУ КЫЙЫН БОЛУУДА


Кыргызстанда генетикалык анализ же илимде айтылган ДНК аныктоочу лабораториялык жабдыктын жоктугунан “Боинг-737” учагында каза тапкандардын сөөгүн таанып ажыратуу кыйынга турууда. Андыктан мындай анализди жүргүзүү үчүн бүгүн Бишкекке Ирандын борбору Тегерандан адистер менен кошо көчмө лаборатория алынып келинди. Расмий маалымат боюнча бүгүн кечке 11 адамдын сөөгү таанылып, жакындары алып кетишкен.

24-августта Бишкек-Тегеран авиа каттамын аткарган “Боинг-737” учагы дуушар болгон кырсыктан каза тапкандардын сөөктөрү Бишкектеги соттук-медициналык экспертизалык жайда иликтенүүдө.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин билдиргенине караганда түшкө чейин тогуз адамдын сөөгү жакындары тарабынан таанылып, алынып кетти. Ал эми калган 56 маркумдун жакындары ирандык адистердин экспертизалык жыйынтыгын күтүшүүдө. Мына ушул күткөндөрдүн арасынан эл аралык категориядагы калыс Назар Кубатовдун карындаштары Нуриля, Бактыгүл, 18 жаштагы баскетболчу Ринат Ишхановдун апасы жана 20 жаштагы кызын Тегеранга окууга жөнөткөн Жекшенбек Секимбаев “Азаттыкка” төмөнкүдөй ойлорун билдиришти:

Нуриля: - Кечээтен бери отурабыз, эч кандай маалымат жок. Жалгыз болгондор болуп жатат, же жардам берген психологдор жок.

Бактыгүл: - Бул спортчулар эми мамлекеттин таламын талашабыз деп баратышкан эле. Ошентип каза болушту. Мамлекетти тирүү спортчулар эле кызыктырып, а өлгөндөр кызыктырбайбы? Мамлекеттен эч кандай жардам жок, мына эки күндөн бери отурабыз. Дагы канча өлүк жатат! Муздаткычтары да жок экен. Жок дегенде муз коюп коюшпайбы. Өлүктөр жыттанып кетти.

Жекшембек Секимбаев: - Кызым стажировкага бараткан. 10-сентябрда окуусу башталмак. Элчиликтен жөнөтүшкөн эле. Кызымдын эч нерсеси жок. Буга ким жооп берет?

Ринат Ишхановдун апасы: - Бул жерде абал жүрөк титирерлик... Мына экинчи күнү отурабыз. Өлүктөр таанылбай жатат. ДНК же болбосо генетикалык анализ жүргүзөбүз дешти эле. Ирандан адистерди күтүп атабыз деп атышат. Бул жерде болсо эч кандай шарт жок. Же үстөл жок, же суу жок, же тамак жок... Мен Кыргызстандын биринчилиги үчүн күрөшкөн 18 жаштагы жалгыз балам – Ринаттан ажырадым. Ал эми Кыргызстан ага эмне кылды? Кыргызстандын намысын коргоп келет деп самолетко отургузуп эле ажырап калып отурабыз. Канча баладан айрылып калдык... Аларды куткарып калууга деле убакыт болгон экен го. Секирип аман калгандар бар. Эмне үчүн мынча көп адам өлүп кетти... Стюардессалар, борт инженерлер баары эле аман калышыптыр. Эмне үчүн алар жүргүнчүлөргө биринчи жардамдарды көрсөтүшпөгөн? Анын ордуна алар терезелерден секирип кетип аман калышкан да, биздин балдарыбыз кемерлерин да чечалбай күйүп кетишти. Материалдык жардам тууралуу да эч нерсе айтпай жатышат. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну күтөбүз.

“Манас” аэропортуна Ирандан адистерди жана көчмө лабораторияны тосуп алуу үчүн жөнөп бараткан Саламаттык сактоо министринин орунбасары Мадамин Каратаев кырсыкка учураган учактан каза болгондор боюнча соңку жагдайды мындайча түшүндүрдү:

- Биз азыр сөөктөрдү ажырата албай жатабыз. Баш сөөктөрдү рентгенге тартып, анан туугандарында мурдагы рентген-сүрөттөр болгон болсо, салыштырып тааныйлы деп жатабыз. Эгер рентген-сүрөттөр жок болсо, стоматологиялык формула жасайлы деп жатабыз. Азыр ирандык адистерди жана генетикалык анализ чыгара турган көчмө лабораторияны тосуп алуу үчүн Манас аэропортуна баратабыз. ДНК жасоону качан баштайбыз, алар менен сүйлөшкөндөн кийин гана белгилүү болот. Азыр бул боюнча эч нерсе айталбайм.

Cүрөттө: адамдын генетикалык бөлүкчөлөрүнүн түзүлүшү.

XS
SM
MD
LG