Сенатор жана АКШнын мурдагы биринчи айымы Хиллари Клинтон Демократиялык партиянын мүчөлөрүн өзүнүн мурдагы атаандашы Барак Обаманын айланасына биригүүгө үндөгөн чакырыкты аталган партиянын ушул күндөрү Денверде өтүп жаткан курултайында жасады. Ал президенттикке талапкерлик укукту алуу үчүн ички партиялык күрөштө Барак Обамага уттуруп койгон эле. Курултайда жергиликтүү убакыт боюнча шейшембинин кечинде сүйлөгөн сөзүндө Хиллари Клинтон өзүн Обаманын бекем жактоочусу катары мүнөздөдү, демократтар ички партиялык жарыш учурунда ага же Обамага добуш бергенине карабай азыр алдыдагы шайлоодо жеңип чыгуу үчүн бир партия катары бир максатка бириге турган мезгил экенин белгиледи.