Комиттердин милдет-кызматы “Тазалык” аттуу муниципалдык ишканага өткөрүлүп берилмекчи. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарланды. Ордо калаа жетекчилиги мындай чечимди райондук комитеттердин шаарды көрктөндүрүп тазалоо, таштандылардын арылтуу боюнча жетиштүү иш алып барбагандыгы менен түшүндүрүүдө. Бөлүнгөн каражат да сарамжалдуу пайдаланылбай келген. “Тазалык” бул мүчүлүштүктөрдүн баарын жоюга аракет жасайт, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы. (EBM)