Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

16:20 «Жаңы заман» гезити Ош шаарынын вице-мэринен он миллион сом талап кылууда


«Жаңы заман» гезитинин жамааты Ош шаар башчысынын орун басары Айнура Шайымкулованын сотко даттануусун негизсиз деп эсептейт. “Басылма соңку сандарында вице-мэрдин жеке өзүн жамандаган сындаган макалаларды гана жарыялаган. Ошондуктан, журналисттердин аброюна шек келтиргендиги үчүн кайра Шайымкуловадан он миллион сом сот аркылуу талап кылып жатабыз, бул каражат өдүрүлсө, Оштун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жумшамакчыбыз» - дейт гезиттин баш редактору Эркин Кожогелдиев.
Бул боюнча Ош шаарынын вице-мэри Айнура Шайымкулованын пикирин сураганыбызда, сот маселени карамайынча, суроолорго жооп берүүдөн баш тартты. (ATo)

XS
SM
MD
LG