Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Судандык жүргүнчү учакты барымтага алгандар Ливия бийлигине колго түшүп берди


Триполиден келген кабарда Судандын жүргүнчү учагын барымтага алып, Ливияга кондурууга мажбурлаган барымтачылар Ливиянын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн соң, колго түшүп беришти. Бүгүн саал мурдараак алар барымтадагы жүргүнчүлөрдүн баарын боштондукка чыгарган. Учак кечээ (шейшембиде) Судандын Дарфур аймагынан өлкө борбору Хартумга карай багыт алганда барымтачылардын колуна түшкөн. Барымтачылар учакты Францияга айдоону талап кылышкан, бирок учкучтар май түгөнгөнүнө байланыштуу Ливиянын бир аба майданына шашылыш конууга бул өлкөнүн бийлигинин уруксатын алган.

XS
SM
MD
LG