Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Чоң жетилик Орусиянын Түштүк Осетия, Абхазиянын көз карандысыздыгын тануу чечимин айыптады


Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция тышкы иштер министрлеринин билдирүүсүндө Орусиянын бул кадамы ал Кавказда тынчтыкты жана коопсуздукту жактаарынан шек санатаары белгиленген.
Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлери ошондой эле Орусияны Франциянын ортомчулугу менен макулдашылган тынчтык планын карманып, аскерлерин жаңжаал башталганга чейинки турумдарына алып кетүүгө чакырды.

Ал эми британ тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд кечээ Украинада болгон учурунда кансыз согушту баштабоо үчүн орус президенти Дмитрий Медведевде чоң жоопкерчилик жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG