Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

ШКУ САММИТИНДЕ АКШнын КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БАЗАСЫ КЕП БОЛОБУ?


Бүгүн Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити расмий башталды. Саммитке уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери чогулуп, дүйнөдөгү соңку кырдаал, айрыкча АКШ менен Орусия алакалары да талкууга алынары болжолдонууда. Серепчилердин баамында, АКШнын да, Орусиянын да аскерий базасы жайгашкан Кыргызстанга уюмдун лидерлери маселени кабыргасынан коюшу да толук ыктымал.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү калаасында өтүп жаткан ШКУнун кезектеги саммитинде уюмдун лидерлери кеп кылчу маселелердин бири Түштүк Осетия жана Грузия маселеси болору болжолдонгон.

Кавказдагы кандуу кагылышуулардан кийин Орусия, Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таанып, Грузияны колдоп келаткан АКШ менен Орусиянын мамилеси барган сайын курчуп баратканы айтылат.

Серепчилердин баамында, ШКУнун бул жолку саммитинде Кыргызстандагы чет элдик базалар тууралуу да сөз болбой койбойт. Орусия кысмакка алып, АКШ базасын Кыргызстандан чыгарууну талап кылат деген да пикирлер бар.

Жогорку Кеңештин “Ак жол” партиясынан шайланган депутаты Бегалы Наргозуев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, саммит учурунда так ушул маселелер көтөрүлбөсө экен деп чочулап жатканын билдирди:

- Биринчиден, Кыргызстандагы АКШнын “Манас” аба базасынын тагдыры катуу, ультиматум түрүндө коюлбаса экен деп турам. Экинчиден, Орусия жанагы Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныбадыбы. Ошол өлкөлөрдү таануу маселеси коюлбаса экен деп чочуп турам. АКШ базасы азыр бизге керек эле.

Белгилүү саясий ишмер Эмил Каптагаевдин пикиринде, аскерий базалар жаатында саммитте ар кандай талаптар коюлушу мүмкүн.

Бирок бул Кыргызстандын ички иши болгондуктан эки тарапка тең кошулбай, эки тарапка тең бирдей мамиле кылуу керек:

- Кандай талап коюлса дагы, кандай сөз болсо дагы мындай маселелерге келгенде биз муну ички маселе катары өз алдынча саясат кылышыбыз керек. Бул жерде Орустарга жакындоо максатында АКШнын базасын кет деш же АКШга жакындоо иретинде орус базасын чыгаруу туура эмес болуп калат.

Саясат талдоочу Токтогул Какчекеевдин айтымында, Кыргызстан кандай болгон күндө да Орусияга жакыныраак.

Ошол себептүү АКШ базасы акырындап Кыргызстандан чыгуусу туура болорун айткан саясат талдоочу, Орусияда миллионго чукул кыргызстандыктар жан багып жүрүшкөнүн эскертти:

- Жамааттык коргонуу келишими уюмунун баш катчысы Н.Бордюжа айтпадыбы, Ооганстанда бейпилдик орнотулду, андыктан бул базанын регионго кереги жок деп. Ошондуктан бул маселе да саммитте көтөрүлөт. Биз ЖККУ, ШКУ, КМШга кирип алгандан кийин, милдеттенмелерди аткарбай койсок туура эмес болуп калат.

Андан тышкары бир катар талдоочулар, саммитте Кавказ жаңжалынын талкууланышы уюмга мүчө Борбор Азия өлкөлөрүн жана Кытайды тынчсыздандырарын айтышат.

Анткени, Фергана өрөөнүндөгү өлкөлөрдүн ичинде жана Батыш Кытайда чоң-чоң этностук топтор жашайт.

Лондондогу “Жеймс” маалымат тобунун Евразия боюнча редактору Метью Клеменцтин айтымында, айрыкча Кыргызстан менен Тажикстанда өзбек улутундагылар көп:

- Менин баамымда, Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыкка умтулуусу Борбор Азия өлкөлөрүн түйшөлткөн нерсе болушу мүмкүн. Анткени мындай абал чөлкөмдөгү этностук топторго түрткү бериши ыктымал.

Арийне, лондондук адис Метью Клеменц (Matthew Clements) сыяктуу серепчилердин айтымында, Тибет жана Чыгыш Түркстан (башкача айтканда, Уйгурстан) жикчилери менен тирешип жаткан расмий Бээжин бул жаатта Маскөөнү колдоого албай турганы чындыкка жакын.

XS
SM
MD
LG