Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Барак Обама Демократиялык партиядан АКШ президенттигине талапкерликти расмий кабыл алды


Ал бул тууралуу аталган партиянын курултайы өткөн Денвер шаарындагы стадиондо, сексен миңден ашуун жактоочусунун алдында сүйлөгөн программалык сөзүндө билдирди.

Барак Обама өз сөзүндө өлкөнүн ортоңку классты түзгөн катмарына колдоо көргөзөрүн, улуттук коопсуздук маселесинде катаал турумду карманарына токтолду. Атаандашы, сенатор Жон МакКейндин алдыдагы шайлоодо жеңип чыгышы, азыркы президент Жорж Буштун үчүнчү мөөнөтү дегенди туюндурарын белгиледи.

Ирактагы согушту жоопкерчилик менен бүтүрүүнү, "ал-Каида" жана Талибанга каршы күрөштү аягына чейин жеткирүүнү убада кылды.

Барак Обаманын программалык сөзү менен Демократиялык партиянын төрт күнгө созулган курултайы аяктады.

Обама өзүнүн талапкердикке макулдук берген бул сөзүн Мартин Лютер Кингдин айтылуу «Менин кыялымдагы ойлор» аттуу сөзүнүн 45 жылдыгы менен дал келген бейшемби түнү сүйлөдү.

Мындан бир күн алдыда курултайдын делегаттары Обаманы президенттикке талапкер кылып расмий бекиткен. Ал теги афро-америкалык ындыкаралардан АКШнын тарыхында президенттикке ири саясий партиядан талапкер болгон алгачкы саясий ишмер.

XS
SM
MD
LG