Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

АЗЫРКЫ БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ ЖАШООСУН БҮТТҮБҮ?


“Алиби” гезитинин эмгек жамааты толугу менен “Ачык саясат” гезитине өтүп, бүгүн анын алгачкы саны колуңарга тийип олтурат” деп билдирди “Алиби” гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков.

Ошентип мындан ары “Ачык саясат” деген аталыш менен чыгарын жар салган гезиттин жаңы санына ЖК депутаты Гүлжамал Султаналиеванын интервьюсу жарык көрдү.

Нарын аймагын кыдырып келген депутат тоолук эл кымбатчылыкка, айлык акы менен жөлөк пулдун аздыгына, айрыкча электр кубатына чектөөлөрдүн киргизилишине бушайман болуп жатканын, 6 ай бою ак кар, көк муздун алдында жаткан Нарын облусун алдын ала даярдабай туруп энергияга чектөө киргени, президент баш болуп “тезек тергиле” дегени кышка даярдык көргөндүк эместигин, учурда Кара-Кече көмүр карьери кризисте олтурганын, мындан эки жума мурда Нарын өрөөнүндө Кара-Кече көмүрүнүн 1 тоннасы 3 миң сом болгонун, мамлекет аты бар өлкө тарабынан жок дегенде көмүрдүн баасы көзөмөлгө алынбаганын, миң сомдун тегерегиндеги пенсия менен олтургандардын абалы дагы оордогонун, мектептерди да кыдырганын, илгертен бери электр кубаты менен жылытылган мектептерди эми көмүргө өткүлө деп кыйнап жатышканын, бирок контромарка же меш салдырууга мамлекет тарабынан эч кандай каражат бөлүнбөгөнүн, ошентип билинбеген менен өлкөгө чоң башаламандык жакындап келатканын кеп кылды.

Ушул эле гезит Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун “Аки-преss” маалымат агенттигине берген орус тилиндеги интервьюсун көчүрүп басты.

Ниязовдун оюнча жарандык массалык нааразылыктарды билдирүү үчүн олуттуу шарт-ыңгайлар түзүлдү, ал учур өлкөнүн тагдырын аныктай турган президенттик жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолордо жана аларга даярдык көрүү алдында чыгышы мүмкүн. Анткени эл бийлик аны өткөн шайлоо менен Башмыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуу мезгилинде кантип акмактык кылганын унута элек.

Экинчиден жылуулук-кубат кризиси, азык-түлүк тартыштыгы, проблемаларды иш менен чечүүнүн ордуна акимдик-өкүмдүк өкүмзордук жана өзүмбилемдик менен чечүү, Кыргызстандыктарды тезек тергенге үндөө сыяктуу көрүнүштөр элдин көңүлүн суутуп бүттү, ошондуктан элдин биримдиги менен жердин бүтүндүгүн сактоо боюнча жакшылап ойлонулган система зарыл дейт ал.

Мирослав Ниязовдун оюнча мамлекет азыркы түрүндөгү башкаруу системасын толугу менен жашап бүттү жана мындан ары жашоого өзүнүн жөндөмсүздүгүн биротоло көрсөттү. Эл бийликке эмес, бийлик элге кызмат кылышы керек.

Эгер мындай болбой эле көнгөн ыраат менен улана берсе аягы жакшылыкка алып келбейт, бүгүн оппозиция да, бийлик да өз күчтөрүн көрсөтүү менен алектенбестен, ар кандай талашты саясый маданияттын деңгээлинде чечүүгө олтурушу зарыл, а кокус бийлик дагы эле мамлекеттик органдары аркылуу оппозицияны тебелеп-тепсеп, эркиндикти ооздуктап, демократияны жанчып, өлкөнү феодалдык-патриархалдык доорго сүйрөй берсе анда мындай бийликти жок кылуу элдин түздөн түз өз милдети болуп калат деп айтты саясатчы.

“Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу “бий” шайлангандыгы тууралуу “Алиби” гезитиндеги макаланы окуп, аябай бушайман болдум. Макалада Ак-Суу районунун айрым жетекчилери баш болуп, экс-атка минерлер Э. Каптагаев менен Абдылдаев дегендер төш болуп, Кайырма-Арык айылында жыйын өткорүп, “бий” шайлагандары жазылган.

Шайланган бийге баш ийген “он башылары” болот экен. Бара-бара “жүз башы”, “миң башы” болуп ХVIII кылымга кайра кайтабызбы? Бийди шайлоо “салтанатын” уюштурган аткаминерлердин жүйөөсү - болгону көлдөн чыккан "жети акенин осуяттарын турмушка ашырабыз деген ураан экен” деп президент К. Бакиевге кайрылган катында токмоктук К. Рыскулов деген окурман “Кыргыз туусу” гезитине жазды.

Кат “Мындан ары “бий” шайлоо оюну жайылып кетпесин үчүн маселени жогорку деңгээлде карап, кан буугандай токтотуу керек, болбосо кеч болуп калат, айылдан келген кишилер, айланайындар бул эмне деген “бардак”, башка аткаминерлери аз келгенсип, эми бийлер менен он башылардын көзун карап калабызбы деп карапайым калктын каны кайнап жатат” деп аяктайт.

“Агым +” гезити Асел Айнидинованын “Күйөө Болот Шамшиевден сактап калыңыз?” деген катын, ЖК төрагасынын орунбасары Азиз Турсунбаевдин “Саясатка келгени катуу сүйлөгөндөн корком “ деген аталыш менен интервьюсун жарыялады.
XS
SM
MD
LG