Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

17:30 “Алиби” гезитинин ордуна “Ачык саясат” деп аталган гезит жарык көрдү


Гезитти “Алиби” басылмасынын чыгармачыл коллективи чыгарууда. “Ачык саясат” гезитинин башкы редактору Бабыржан Жээнбековдун “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча басылманын ээси гезиттин мазмунуна кийлигишпей тургандыгын билдирген. “Ачык саясат” да “Алиби” гезити сыяктуу эле элге чындыкты таратууга аракет кылат, дейт башкы редактор. Жакында эле Биринчи Май райондук соту тарабынан президенттин инисинин ар-намысы үчүн 1 млн сомдук айыппулга жыгылган “Алиби” гезитинин мүлкү камакка алынып, гезит жабылууга аргасыз болгон. Ушундай эле жазага тартылып, андан тышкары дагы 2 млн сомдук айыппул төлөөгө милдеттендирилген дагы бир эркин гезит “Де-факто” учурда чыкпай турат. “Де-фактонун” башкы редактору Чолпон Орозобекованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү эмки жумада башталары болжолдонууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG