Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

18:50 Бүгүн президент Курманбек Бакиев Таласка иш сапары менен барды


Алгач президент Суусамыр автожолунун Өтмөк ашуусунун аягындагы Талас облусу башталган жердеги жаңы курулган дарбаза менен Манастын айкелин ачуу аземинин тасмасын кести. Андан кийин Талас шаарынын күн чыгыш жагындагы “Жолчу” акционердик коомуна караштуу асфальт заводдун иши менен таанышып, бул ишканага жаңы техникалар берилээрин айтты. Андан соң Бакай-Ата районуна караштуу Нараз, Нурсултан кооперативдик ишканалары, Боотерек айылындагы балык чарбасын көргөндөн кийин Манас районунун эли менен жолугушту. Жолугушууда президентке жергиликтүү тургундар тарабынан каалоо-тилектер айтылды. Талас шаарынын тургуну Данил Акжолов болсо жергиликтүү бийлик өкүлдөрү президентке чындыкты айтпай, мурдагыдай эле мактап-жактап көз боемочулук түзүп жатышкандыгын билдирди. (UA)

XS
SM
MD
LG