Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:34

БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫ СҮРӨТТӨРДӨ


24-августта Бээжин олимпиадасы жабылды. Анын жыйынтыгында 51 алтын медаль менен Кытай алдыда. Андан кийинки орунда АКШ (36 алтын), 23 алтын менен Орусия үчүнчү. Бир күмүш, бир коло алган Кыргызстан 207 мамлекеттин ичинен 68-орунду алды.





Бээжиндеги Олимпиадада спорттун 28 түрү, 35 дициплина боюнча мелдештер өтүп, олимпиадага 205 өлкөнүн спортчулары катышты.



Жалпысынан, Олимпиаданын жыйынтыгында конок ээси Кытай 51 алтын медалга ээ болду, АКШ – 36, Орусия – 23 алтын медал утуп алды. Ошентип, алгачкы жолу Кытай олимпиадалык алтындарды башкалардан көбүрөөк алган өлкө болуп калды. Ал эми жалпы медалдардын саны боюнча АКШ бардыгынан озуп, 110 медал утуп алды, Кытай жеңген жалпы медал саны 100, Орусияныкы - 72 болду.



Бир күмүш, бир коло медал алган Кыргызстан менен Тажикстан 65-орунду ээлесе, Өзбекстан – 40-орунда (1 алтын, 2 күмүш, 2 коло), Казакстан 29-орунда (2 алтын, 2 күмүш, 5 коло медал) турат.



“Азаттык” үналгысы Бээжин Олимпиадасынын жүрүшүн өз кабарчысы Кабыл Макештин ар күнү жиберген баяндары жана спортчулар жана кыргыз күйөрмандары менен маектери аркылуу оперативдүү жана байма-бай чагылдырып турду.
XS
SM
MD
LG