Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

АЖОНУН ТАЛАСТАГЫ БИР КҮНҮ


29-август күнү Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Талас облусундагы жаңы курулуп бүткөн жайлар, айыл жергесиндеги кооперативдердик чарбалар менен таанышып кайтты. Эл менен жолугушууларда президенттин жүргүзүп жаткан саясатына жергиликтүү тургундар, жетекчилер тарабынан мактоо сөздөр айтылып жатса, калктын айрым өкүлдөрү мурдагыдай эле жасалмалык күчүндө экенине нааразы.

-“Падыша машинадан бутун жерге койгондо эле кол чапмай”, - мына ушундай облустун губернаторунун биринчи орун басары Касым Чаргыновдон көргөзмө алган жергиликтүү элдин өкүлдөрү президент Бакиевди Суусамыр автожолунан Өтмөктү карай кайрылган Талас облусунун башталган жеринде күтүп жатышты. Чынында эле программага ылайык Бакиев автоунаадан түшкөндө эле жапырт кол чабылып, жаңы орнотулган Манастын айкели менен Талас облусунун дарбазасынын салтанаттуу ачылыш аземи башталды. Курманбек Бакиев кызыл тасманы кескен соң жолдун түштүк жагында атайын орнотулган секичеге чыгып жаңы курулуш тууралуу мындай сөз кылды:

Петербург шаарындагы Петр падышанын эстелеги, Москвадагы Кремль дегендей, биз болсо мындай эстеликтерди курууну кечирээк баштадык. Жерлердин аттарын мурда ошол жердеги өзгөчөлөнгөн нерсе аркылуу белгилеп келгенбиз. Мына ушул жерди эми мындан ары “Манас бабабыздын эстелиги турган жер” же болбосо “Талас облусунун босогосу” деп дайыма эстеп жүрөбүз.

Бул жаңы эле тушоосу кесилген Манастын айкели менен Талас облусунун дарбазасынын курулуш иштерине канча каражат кеткени тууралуу так маалымат жок. Себеби, бул иш губернатордун демилгеси менен ашар аркылуу жүзөгө ашкан. Курулушчулар болсо үч жарым млн. сомдун тегерегинде каражат жумшалды деп болжошууда.

Өлкө президенти андан соң Талас шаарынын күн чыгыш жагындагы «Жолчу» акционердик коомуна караштуу жакында кайра жанданган асфальт заводдун иши менен таанышып, жумушчулар менен сүйлөштү. Бул ишкананын жетекчиси Эсен Назаралиев президентке атайын техникалардын жетишсиздиги тууралуу кайрылып, колдогу болгон жабдыктар эскиргенин айтты. Бакиев ишканага жакынкы арада жаңы техникаларды алууну чечип бере турганын билдирди.

Аталган заводдун башкы инженери Виктор Майзер асфальт чыкканы менен аны сатып алган кардарлар жок болуп жатканын кеп кылды:

- Кардрлар аз, биз бюджеттик мекемелер менен иштейбиз, бирок алар заказ кылышпайт, жумуш жок. Биздин мүмкүнчүлүгүбүз чынында чоң.

Президенттин сапары Бакай-Ата районуна караштуу Түйө айылындагы айыл чарба жана мал чарба тармагында иштеген «Нурас-Нурсултан» кооперативдик ишканасына уланды. Аталган ишкананын ээси Нурлан Сырдыбаев келген конокторго баардык керектүү нерселер экенин айтып, бир гана акчалай насыядан кыйналгандарын айтты. Өлкө жетекчиси болсо бул жалпы элде болуп жаткан көйгөй экенин эскертип жооп узатты.

Ошол эле Бакай-Ата районуна караштуу Боотерек айылындагы балык чарбаны көргөн президент андан кийин Манас районунун эли менен жолугушту. Президент энергетика, суу көйгөйлөрү жана айыл чарба маселелери тууралуу элге төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

- Отузга жакын муниципалдуу Кыргызстан боюнча базарлар ачылды, мындан ары да ачылат. Жанагы өндүргөн продукцияны биздин өндүрүүчүлөр өздөрү барып сатканга, ошондой эле сатып алуучулар барып ортомчулардан сатып албай, баалар бир топ төмөндөгөнгө шарт түзүлүп жатат. Жанагы биздин кээ бир саясатчыларыбыз айтып жатпайбы, Токтогул суу сактагычында суунун төмөндөп кеткени - бул бийлик коңшу мамлекеттерге сууну сатып жиберишкен, ошондуктан суу төмөндөп кети деп, бул туура эмес. Инженер катары айтайын Токтогул суу сактагычында мына былтыр кыш кандай болду? Кечээ биз Тажикстанда болгондо Душанбеде элчиликте иштегендер айтты, эки ай Душанбеде суткасына бир саат, бир жарым саат свет алып турушуптур.

Өлкө башчысынын саясатын колдогон жергиликтүү аксакалдардын айрымдары Курманбек Бакиевге каалоо-тилектерин айтып жатышы.

-"Мол түшүм, курсак ток, кайгы жок болуп жатабыз. Улуу урматтуу Президенттин келишин ушул жердеги жалпы Талас облусу чын жүрөк менен кабыл алып, жөнөтүп жатабыз. Эл-журт батабызды берелик", -деди алакан жая Талас районунун тургуну Асылбек ажы аксакал.

Бакиевдин аймактардагы эл менен жолугушуусун анын коштоп жүргөндөр жасалмалуулук менен уюштуруп, президентке чындыкты бурмалап айтышпаганын нааразы болгондор да бар. Талас шаарынын тургуну Данил Акжолов:

- Аскар Акаевичти ушундай тегереги эле жайлаган, мактап- жактап, чындыкты айтпай отуруп. Убагында керек болсо администрациядагылардын көздөрүн май басып, «Визит Аскар Акаева» деп документ түзүп, ошонун чыгымын жазып калышкан. Падышаны элдин баары сыйлаган. Бирок ачык-айкын сүйлөшсө жакшы болот да.

XS
SM
MD
LG