Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

12:50 Мамлекет башчы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады


Өз куттуктоосунда президент Курманбек Бакиев кыргыз элинин улуулугун, далай кыйын кезеңдерди башынан кечирген узун тарыхын белгилеп, Айкөл Манас түптөгөн намыстуу эл катары улуттук биримдикти жана ынтымакты чыңдоо милдети тургандыгын билдирген. Дүйнөлүк көйгөй болуп жаткан азык-түлүк кризисинен чыгуу үчүн өкмөт колдон келген аракеттерди жасап жаткандыгын маалымдаган. Ошондой эле мамлекет башчы энергетикалык кризиске да токтолуп, бул климаттык өзгөрүүлөргө, глобалдуу жылуулануунун кесепеттерине байланыштуу болуп жатат, деген пикирин билдирген. Мындан тышкары президент Курманбек Бакиевдин куттуктоосунда “айрым саясатчылар тарабынан элди бөлүп-жаруу аракеттери болуп жатат, алардын чыныгы максаттарын түшүнгөн эл бул саясатчылардын жетегине кирбей, жосунсуз жоруктарын четке кагууда,” деп айтылып, мамлекет башчы өлкөнүн бардык саясий күчтөрүн жана жарандарын кыйынчылыктардан чыгуунун жолдорун биргелешип издөөгө чакырган.
Кыргызстан быйыл 31-августта өзүнүн Эгемендүүлүгүнүн 17 жылдыгын белгилейт. Айрым эл аралык уюмдар тарабынан өлкө демократиянын жоболорунан чегинип бара жаткан, коррупция күчөгөн мамлекет катары белгиленип келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG