Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Чехия Сочидеги Кышкы олимпиадага бойкот жарыялоо керек деп санайт


Чехиянын тышкы иштер министри Карел Шварценберг 2014-жылкы Сочи Олимпиадасына бойкот жарыялоо аркылуу Орусиянын Грузиядагы иш-аракеттерине жооп берүү керек деп билдирди. Ал мындай оюн австриялык бир басылма ("Die Presse" гезити) үчүн курган маегинде айткан. Анын оюнча, кыргын жана баскынчылык болгон жерге жакын аймакта спорт майрамын өткөрүү таң каларлык иш болоор эле. Айтмакчы, чех президенти Вацлав Клаус азыркы Чех өкмөтүнүн Грузиядагы окуяларга карата мамилесине кайчы пикирин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG