Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:36

Тбилиси орусиялык атуулдар үчүн Грузияга виза алуу талаптарын катаалдаштырат


Кремлдин Грузиянын жикчил эки аймагы Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин тааныгандыгына байланыштуу Тбилиси орусиялык атуулдар үчүн Грузияга виза алуу талаптарын катаалдаштырат. Бул тууралуу бүгүн Грузиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Буга чейин орусиялык атуулдардын Грузияга кирүүсү үчүн виза чек арада эле жеңил-желпи берилип келген. Бирок 8-сентябрдан баштап Орусиянын атуулдары визаны Грузиянын чет өлкөлөрдөгү консулдуктарынан жана элчиликтеринен гана ала алат. Кечээ Тбилиси Москва менен дипломатиялык мамилелерди үзүү жөнүндө чечимге келген. Бирок консулдук алакалар сакталып кала берет, деген Тбилиси бийлиги.

XS
SM
MD
LG