“Түндүкэлектро” ишканасы тараткан маалыматка ылайык сентябрь айында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү графигине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул иш-чара жаңы окуу жылы башталганына байланыштуу болууда. Ага ылайык бала бакчалардв, мектептерде жана башка окуу жайларда сабак мезгилинде электр энергиясы өчүрүлбөйт. Ал эми 1-категорияга кирген керектөөчүлөр: коргоо министрлиги, чегара кызматы, жаза өтөө жайлар, саламаттыкты сактоо, темиржол жана абакаттамдар тармагы, карылар жана балдар үйлөрү, элчиликтер үзгүлтүксүз жарык менен камсыз болушат.(ZKo)