Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

КӨКБӨРҮ: ПРЕЗИДЕНТТИН КУБОГУН “БӨРҮЛҮҮ” КОМАНДАСЫ ЖЕҢДИ


30-августта Бишкектеги «Аккула» ат майданында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 17 жылдыгына карата өлкө президентинин кубогу үчүн көкбөрү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Баш байгени жана кубокту Бишкектин «Бөрүлүү» командасына мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу тапшырды.

Президенттин кубогуна арналган мелдешке Ала-Тоонун жети облусунун жана Бишкек шаарынын командалары катышты. Тогузунчу ирээт өткөрүлгөн президенттин кубогунун финалдык беттешүүсүнө укук алышкан Нарын облусунун “Дордой” командасы менен Бишкек шаарынын “Бөрүлүү” командасы биринчи беттешүүдө абайлап ойношту. Бирок беттешүүнүн 11-мүнөтүндө эсепти “Бөрүлүүнүн” чабуулчусу Радмир Саманчиев ачып, командасын алга сүрөдү. Ал эми “Дордойдун” жигиттери канчалык эсепти теңдөөгө аракеттенишсе дагы андан майнап чыкпады.

Кыргызстандын “Көкбөрү федерациясынын” президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбековдун пикиринде, бул эки командада тең чеберчилиги менен таанылган жигиттер өлкө намысын коргоп жүрүшөт.

Баш байге үчүн финалдык таймашуунун экинчи беттешүүсүндө эсеп өзгөргөн жок.
Үчүнчү беттешүүдө “Бөрүлүү” командасынын оюнчусу Мирлан Сраждинов байкабастыктан өзүнүн тай казанына улак таштап, эсепти “Дордойдун” пайдасына теңдеп берди. Мындан ары оюн курч мүнөздө өтүп, “Бөрүлүүнүн” чабуулчулары Улан Насакеев менен Радмир Саманчиев эки улакты тай казанга таштап, өз командасынын жеңишин камсыз кылды.

Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулунун айтымында, мелдештин жалпы байге фондусу үчүн өкмөт казынадан бир жарым миллион сом каражат бөлгөн.

Баш байгени жеңген Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын “Бөрүлүү” командасына мамлекеттик катчы президенттик кубокту жана бнш жүз миң сом акчалай сыйлыкты тапшырды. Бабалардан мурас болгон көкбөрү оюну эл аралык деңгээлде таанылып баратканын айтып, мамлекеттик катчы күйөрмандарды, калкты эгемендүүлүктүн 17 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Эки ирээт удаасы менен президенттин кубогун уткан Бишкектин “Бөрүлүү” командасынын машыктыруучусу Касым Кутатовдун пикиринде, көкбөрүнү эл аралык деңгээлге жеткирүү үчүн оюнда тартылчу улактын ордуна териден же жасалма улакка окшош атайын буюм тартуу зарыл.

Бул мелдеште экинчи орунду ээлеген Нарын облусунун “Дордой” командасына үч жүз миң сом байге ыйгарылды.

Үчүнчү орунду Талас облусунун “Ынтымак” командасы ээлеп, алар эки жүз миң сом сыйлыктын ээси болушту. Мелдешке катышкан сегиз команданын баары акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Ал эми “Бөрүлүү” командасынын улакчысы Радмир Саманчиев турнирдин “мыкты оюнчусу” аталып, атайын сыйлыкка арзыды.

Көкбөрүнүн финалдык беттешүүлөрү ар жыл сайын 31-августта болуп, оюн күйөрмандары арбын келишчү, бул ирээт болсо көпчүлүк эл финалдык оюн 30-августта өтөөрүн билбегендиктен “Аккула” ат майданы толгон жок.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG