Бул дарт менен Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр айылынан 28-август күнү 1966-жылы туулган Илгиз Молтоев райондук ооруканага жатса, эртеси 29-август күнү ошол эле айылдын тургуну, 1984-жылы туулган Кубат Кожобеков ооруканага жеткирилген. “Азаттыкка” бул маалыматты берген Кара-Буура райондук оорукананын башкы дарыгери Нурдин Усупбековдун айтымында, бул эки адам жылкы союшуп, айылдын тургундары менен бөлүшүп алышкан. Бул малдын эти элден мүмкүн болушунча кайра чогултулуп өрттөлгөн. Ал эми атайын лабораториядан азырынча бул оорууну тастыктай турган маалымат чыга элек. Жалпы Талас облусу боюнча мындай ооруу акыркы жолу 1980-жылы катталган. (UA)
17:35 Таластын Кара-Буура районунда эки адам күйдүргү ооруусуна чалдыгып, ооруканага жеткирилди