Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:22

ОЛИМПИАДА ЧАТАГЫ, ФИДЕЛ КАСТРОНУН КАЯШАСЫ


24-августта Кытайдын ордо шаары Бээжинде 2008-жылкы Олимпия Оюндарынын жабылыш аземи өткөрүлдү. Бул азем учурунда Олимпиаданын туусун 2012-жылкы Олимпиаданы тосо турган конок ээси – Лондондун өкүлдөрүнө тапшыруу жөрөлгөсү болду.

Бээжин Олимпиадасында таэквондо боюнча коло медал үчүн таймашта дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө бурган катуу чыр чыкты. Үчүнчү орун үчүн кубалык Анхел Матос жана казак спортчу Арман Чилманов таймашкан эле.

Independent гезити жазганга караганда, экинчи раундда эсеп 3-2 болуп калганда казакстандык Чилманов кубалык спортчу Матосту көтөрүп жыккан. Медициналык жардам күтүп отурган учурда Матоско оюндун шарты боюнча берилген убакыт бүтүп калып, жеңүүчү казак спортчусу табылган. Бирок мындай чечимге чычалап кеткен Матос швециялык калыс Чакира Челбатанын буту менен тээп жиберет. Эл аралык олимпиадалык комитеттин өкүлдөрү мындай жосунсуз жоругу үчүн кечирим сурабаган Анхел Матосту жана анын машыктыруучусун өмүр бою Олимпиадалык оюндарга катыштырбоо тууралуу чечим чыгарды.

Бул окуя алыскы Кубада дагы чоң талкуу жаратып, андан өлкөнүн улуттук лидери Фидел Кастро да четте калбады. Рейтер агенттигинин маалымдашынча, Кубанын мурдагы президенти Кастро спортчу Матосту колдоп сөз сүйлөдү. “Кимдир бирөө машыктыруучуга акча сунуш кылганын билип калган Матос ачуусу келип, судья акыйкатсыз чечим чыгарганда өзүн кармай албай калган” деп билдирди Кастро.

“Биз оюндан чыгарылган спортчу менен анын машыктыруучусун толук колдойбуз. “Кубага каршы мафия” биздин өлкөгө спорттун бул түрүнөн бир дагы алтын медал бердирткен жок”, деди Фидел Кастро.

Бирок анын мындай доосун казак спортчусу Арман Чилманов четке кагып, спорттук жеңишке таза күрөш менен жеткенин “Азаттыкка” билдирди.

Жалпысынан, Олимпиаданын жыйынтыгында конок ээси Кытай 51 алтын медалга ээ болду (жалпы медал саны – 100), АКШ – 36 (жалпы медал саны – 110), Орусия – 23 алтын медал (жалпысынан – 72 медал) утуп алды. Ошентип, алгачкы жолу Кытай олимпиадалык алтындарды башкалардан көбүрөөк алган өлкө болуп калды.

Борбордук Азиянын ийгиликтерине келсек, 2 алтын, 2 күмүш, 5 коло медал алган Казакстан 29-орунду камсыз кылды. 1 алтын, 2 күмүш, 2 коло уткан Өзбекстан 40-орунду ээледи. Бир күмүш, бир коло медал алган Кыргызстан менен Тажикстан 65-орунду бөлүштү.
XS
SM
MD
LG