Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

А.НАРМАТОВ: БИТИРДИ МЕЧИТКЕ ЖЕ ДИНИЙ БАШКАРМАЛЫККА БЕР ДЕГЕН НЕРСЕ ЖОК


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Билим күнү менен мусулмандардын ыйык Орозо айы башталды. “Азаттыктын” таңкы түз обосунда Ислам университетинин ректору Абдишүкүр Нарматов мусулмандардын беш парзынын бири болгон - орозо тутуунун мааниси, дүйнөдөгү диндер ортосундагы мамилелер тууралуу маек куруп берди.

-Алгач ыйык рамазан айы менен куттуктап кетели. Кармаган орозоңуз кабыл болсун.

-Рахмат.

-Орозо маалында мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин тамак жешпейт. Орозо туткандар бул учурда кандай иштерден алыс болуусу керек?

-Албетте, «орозо» деген нерсе араб тилинде «инсак», «инсан», өзүн башкара билүу дегенди түшүндөт. Орозо кезинде инсан бир гана тамак-аштан, суусундуктан эмес дененин, курсактын кулу эмес, кудайдын кулу экендигин туюусу зарыл. Ал анын кыймыл аракетинде, көрүнүшүндө, башкаларга болгон мамилесинде болуп, айлана-чөйрөгө периштеден айырмасы жок инсан болуш керек. Орозо жүрөккө жана кулакка, бардык денеде башкаларды иренжитпеген өтө таза болушу керек.

-Ушул тапта дүйнө жүзүндө айрым мусулман өлкөлөрү бири-бири менен касташып, жаңжалдар уланып жатат. Ушул ыйык орозо айында андай жаакташуулар убактылуу токтотулгандыгы тууралуу айтылууда. Мусулман коомчулугу мындай көрүнүштөр аркылуу кандай абройго ээ болууда?

-Кээ бир инсандардын же кээ бир мусулман мамлекеттердин кемчилигин карап туруп бардык өлкөлөргө же бардык мусулмандарга баа берүү бул өтө кыйын нерсе. Албетте, биздин динибизде Кураныбыз, жол-жобобуз бар жана пайгамбардын көрсөткөн сүннөтү бар. Ошондуктан ислам дининде бардык инсандардын үстүнөн куран жана сүннөт далил боло алат, бирок бир мусулманды же бир мусулман мамлекетин бардык мусулмандардын үстүнөн далил катары кароо мүмкүн эмес. Ошондуктан ар кимдин кемчилиги өзү үчүн. Мисалы менин жеке кемчилигим болсо ал меники, ал исламдын кемчилиги эмес. Ошондой түшүнүш керек.

-Рамазан айынын жылуу тартиби боюнча орозо күндөрү быйыл күздүн биринчи айына туш келди. Кийинки жылдары улам жайдын ысыгына карап жыла берет да. Аптап күндөрү 15-16 сааттап тамак-аш, суу ичпей парз кармоо өзгөчө талаада иштеген адамдар үчүн оор эле болсо керек?

-Албетте, орозо кармаган кезде кимге кандай болот, андай болот деген сөз эмес. Бул жерде биз кудайдын кулу экенибизди билишибиз керек. Аллах каалаган убакта, каалаган кезде өзүнүн ыйык парзын рамазан айында бизге парз кылат. Ошондуктан, биз дененин же башка нерсенин, убакыттын кулу эмеспиз, жараткан Аллах тааланын буйругун ар убакта, ар заманда качан да болсо так аткарууга милдеттүүбүз. Бирок андан тышкары кээ бир үзүрлүү себептүү адамдарга оорулуулар, сапардагылар бар. Аллах таала белгисинде аларга башка убакытта орозо тутууга мүмкүнчүлүк берилген.

-Орозо айында дагы бир талаш-тартыш пикирлерди жараткан бир маселе бар. Орозо битирди мечитке берүү керек же кыйналып жашаган үй-бүлөлөргө эле берсе болот деген жооптор дайыма айтылат. Кайсынысы туура?

-Бул жерде албетте, мечитке же башка жакка алып барып бергиле деген нерсе жок. Садага, битирлер - бул кайрымдуулуктарды жетим жесирлерге, колунда жокторго, муктаж адамдарга бериш керек. Бүгүнкү күндө ошол функцияны так аткарган, мисалы, кээ бир мусулман мамлекеттериндей зекет, кайрымдуулук садагаларды тарткатуучу мекемелер болбогондуктан, Кыргызстанда ошол функциясын кээ бир мечиттер жана диний башкармалыктар аткарат. Адамдар битирди мечитке жана диний башкармалыгынын көзөмөлүндөгү мекемелерге алып барып берип жатат. Ошондуктан мунун эч нерсеси жок. Бирок чынына келгенде шарият боюнча Куранда мечитке же диний башкармалыкка алып барып бер деген нерсе жок.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG