Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


“Учур” телетеатры Алматыда өтүүчү Борбор Азия өлкөлөрүнүн 2-эл аралык театралдык фестивалына катышат. Фестиваль 2-сентябрдан тарта 6-сентябрга чейин өтөт. Аталган театрдын жетекчиси Шаршебек Шейшенов кабарлагандай фестивалда Султан Раевдин пьесасына коюлган “Меккеге карай узак” жол чыгармасын тартуулашат.

Бул оюнду тажик режиссеру Барзу Абдразаков койгон. Режиссер буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүндө гана эмес, Европанын бир катар мамлекеттеринде болуп, бир канча спектаклдерди сахналаштырган. Бирок бул жолку койгон оюн башкаларга окшобогон өзгөчө спектакль экенин режиссер баса белгилейт.

-Бул оюн формасынын өзгөчөлүгү, драматургиялык сюжети, мазмуну жагынан айрымаланып турат. Ошондой эле жасалгасында да бир топ өзгөчөлүктөр бар.

4-сентябрдан тарта кыргыз циркинде Москвадан келген Никулин атындагы цирктин оюндары өтөт. Аталган цирктин тартууланчу программасы туурасында уюштуруучулардын бири Роман Романченко буларды кабарлады.

-Кыргыз цирк күйөрмандарына Никулин циркинин артистери цирк өнөрүндөгү ар кыл жанрдагы оюндарды тартуулашат. Мисалы абада учуу, акробаттардын номерлери ошондой эле үйрөтүлгөн жаныбарлар менен болгон кызыктуу оюндар бар.

Москвадан келген Никулин атындагы циркинин оюндары бейшембиден жекшембиге чейин тартууланат.

Улуттук китепканада “Маданият улутту сактайт” аттуу көргөзмө ачылды. “Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдар аралыгындагы маданий чөйрөдөгү болуп өткөн окуяларды чагылдырган фото сүрөттөр, гезит беттеринде жарыяланган материалдар коюлган”, деп кабарлады Улуттук китепкананын маалымат бөлүмүнүн башчысы Ажар Касымбекова.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде “Ысык-Көл-Кыргызстандын бермети” аттуу эл аралык көргөзмө ачылды. Анда коңшулаш мамлекеттердин кыл калем чеберлери жараткан эмгектер коюлду. Көргөзмөдө аты айтып тургандай Ысык-Көлдү чагылдырган сүрөттөр бар.

Бул көргөзмөдөн тышкары музейде сүрөтчү Аркадий Осташевдин жаркын элесине арналган көргөзмө өтүүдө. Анда сүрөтчүнүн өлкөнүн сүрөт сактоо фондунан алынган графикалык жанрдагы 18 эмгеги коюлган. Ошондой эле кыл калем чебери Жусуп Матаевдин жеке көргөзмөсүнө күбө болушат. Анын бул көргөзмөдө 70 тен ашык графика жана живопись жанрында тартылган эмгектери коюлган.

Ал эми бул жуманын шаршемби күнү “Кыргыз төшөгү” аттуу көргөзмө ачылат. Анда кол өнөрчүлүктөн жаралган буюмдар коюлат. Жума күнү сүрөт күйөрмандары сүрөтчү Кубанычбек Аманкожоевдин жеке көргөзмөсүнө күбө болушат. Бул көргөзмөдө сүрөтчүнүн табият көрүнүштөрүн чагылдырган эмгектери коюлат.

Сүрөттө: Москвадагы Ю.Никулин атындагы цирктин өнөрпоздорунун көрсөтмөсү
XS
SM
MD
LG