Бюджет долбоорун өз мезгилинде карап берүүнү өкмөт башчы депутаттардан бүгүн өтүнүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Роза Даудова “Азаттыкка” билдирди. Өкмөт келерки жылдын бюджет долбоорун 27-августа болгон жыйынында кабыл алган. Анда бюджет кирешеси 44 миллиард 333 миллион сом, чыгашасы 46 миллиард 198 миллион сом, инфляция 12-13% , экономикалык өсүш 6% болот деп белгиленген.(AiT)