Грузия үчүн тилектештик билдиргени үчүн Евробиримдикке ыраазылык жолдогон Гургенидзе, ошондой эле Брюссель менен Тбилисинин алака-катышы алыс кетерин болжоп жатканын билдирди. Брюсселде болгон саммиттин жыйынтыгында Грузиянын инфраструктурасын калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү жана аны менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө да чечим кабыл алынды.