Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

ТЕЗЕК ЭРКИНДИГИБИ?


“Ачык саясат” гезити “Эгемендиктин 17-көз ирмеми” деген макаласында “... жакыр кыргыз эли эгемендиктин 17-жылында жарыксыз калды, ажобуз Курманбек Бакиев бир күндүк сапары менен Талас жергесин кыдырып, кудум Аскар Акаевдин убагындай жалаң “дүжүрлөрдүн” алдында сөз сүйлөп берди. Ал “Токтогул суу сактагычындагы сууну бийлик коңшу мамлекеттерге сатып жибергендиктен суу азайып кетти деп жатат, инженер катары айтайын бул туура эмес” деп айтты деп белгилеп, бирок президенттин сөзүнө таластыктар ишенип калды дешке болбостугун, көпчүлүк анын себебин Данияр Үсөновдон көрүшөрүн, кезинде “Кыргызэнергохолдингди” башкарып турган таластык Жамалбек Түлөбердиев бул боюнча “болгону былтыр сууну үнөмдөшкөн жок, казактарга энергия сатабыз деп сууну көп агызып жиберишти” деп айтканын мисалга тартып, энергетика тармагын бүгүн С. Балкыбеков да эмес, элдин, мамлекеттин тагдырын таптакыр ойлобогон башка адамдар башкарып жатканын, ага президент К. Бакиевдин да тиши өтпөстүгүн, алы жетпестигин, эңсеген эгемендиктин белеги акыры уйдун тезеги болгонун жазды.

Ушул эле гезит саясатчы А. Бекназаров жетектеген “Ревком” кыймылы жабык эшик артында жыйын өткөрүп, алатоолуктардын эки жолу гана калганын, биринчиси- азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатына баш ийип, жарыксыз жашап, тезек термей, экинчиси-Башмыйзамдын негизинде Курманбек Бакиевди кызматынан алуу, келечекти сактап калуу деп калкка кайрылуу жолдоду деп,

Оштогу “Жаңы заман” гезити президенттин админстрация башчысы Медет Садыркуловду кызматынан кетирүү боюнча демилге менен чыкканын, Мелис Турганбаевди сулаткан күчтөр эми М. Садыркуловду кулатканга өтүштү деп,

Каржыны көзөмөлдөө кызматы “Агым” гезитин сотко бергени жатат, анткени аталган гезит бул кызматтын башчысы Ю. Тойчубековдун кызы Чолпонду каралаган макаласында Ош базарындагы “Сейтек” соода борборун жетектеген Чолпон айымды соода орундарын 20-40 миң сомдон сатып, акачаларын кайра кайтарып бербей жүрөт кыязында жаманатты кылган деп,

Эрнст Исаев (КР абак жайларынын мурдагы башчысы) Адилет министри Марат Кайыповду түрмөлөрдүн абалын оңдогоңдун ордуна өзүнө 43 миң долларлык “Лексус” үлгүсүндөгү машина сатып алды деп министрдин абийрин төктү деп,

Жогорку Кеңштин депутататтык мандатын тапшырып берген Адахан Мадумаров мурдагы коопсуздук кеңешинин катчысы Миролсав Ниязов менен жолугуп, ордого “оюн салганы” жатыптыр деп кабарлады.

Гезит чөнтөк соттордун уламдан улам салган миллиондорунун айынан “Де-факто” гезити чыкпай калды, “Бакиевдерди бакканча бала-чакамды багайын” деп башкы редактору Ч. Орозобекова агынан жарылып олтурат. Бакиев тукумдары эми “Алибиге” киришти. Чолпон Орозобековга козголгон кылмыш иши эми “Алибинин” башкы редактору Бабырбек Жээнбековго козголуп олтурат. Конституциянын кепилдиги болгон президентибизге жиберген кайрылуубуз жоопсуз калды.

Демек, “Алибини” жабууга президент өзү кызыгдар. Болбосо жанында олтурган Жаныш иниси “гезиттерден түшкөн акчаны жетим балдар үйлөрүнө бөлүштүрөбүз” деп акчага ээлик кылып олтурганда эле этегинен тартып коймок” деп жазып чыкты.

Кыргызстан дагы бүгүндөн тартып жаңы окуу жылынын босогосун аттады. Өлкөнүн билим жана илим минстри быйыл 1-класска 96 миңден ашуун балдар киргенин айтса, ырасмий маалыматка таянган “Белый парус” гезити 100 миң бала кирди деп кабарлоо менен, билим берүү тармагынын чиновниктери республикадагы 2133 билим берүү мекемелери окуу жылына 100 пайыз даярдык менен кирди деп айтышканын, бирок анын чындыгын келе жаткан кыш көрсөтөрүн, анткени ошол эле аткаминерлер ага дейре электр кубаты менен жылтылдап келген мектеп эми көмүр жагууга өтөрүн, ошондуктан ага даярдалбаган мектептерде окуу убактылуу токтоп, балдар аргасыз каникулга тарарын айтышканын сөз кылды.

Өлкөдө азырынча электр энергиясы менен таандаша турган алгылыктуу эчнерсе жок. Бензин же дизель майы менен иштей турган генераторлорду орнотсо болот деңизчи, бирок ал күнүнө 200-300 сомдун майын жейт. Адамдар бүгүн энерготармакта иштеген айрым аткаминерлердин күнөөсүнөн эмне үчүн эл-журт азап тартышы керек, эмне үчүн дал ошол күнөөсү бар чиновниктер элди карайлатып салып кызыматтан кызматка чоңоюп жатат, адилеттик деген жокпу, жакында кыш келет, мектеп жабылат, мекемелерде иштегендер отпускеге таратылат, анан жанагы сөздөр ашканадан көчөгө чыгат, бийлик мына ушулардын баарын түшүнбөй жатат деп ойлобуз, бирок бир кызыгы ал адамдардын оюна келбеген, эч кандай акыл-эске сыйбаган нерселерди жасап жатат деп жазды “Белый парус” гезити. Ушул эле гезит “Ач кадырын ток билбейт” аттуу макаласында айлычарбасы, андагы азаык-түлүк коопсухздугу тууралуу кенен кеп кылды.
XS
SM
MD
LG