Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

2-СЕНТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргыз тил жана адабият илимий изилдөө институту 1939-жылдын бул күнү кыргыздын биринчи жазма акыны Молдо Кылычтын баа жеткиз кол жазмасын фонддун казынасына алууга жетишкен. Кыргызстандын Баш мыйзамына жасалган кезектеги түзөтүү аракети 1998-жылдын 2-сентябрында башталган.

Кыргыз тил жана адабият илимий изилдөө институту 1939-жылдын бул күнү кыргыздын биринчи жазма акыны Молдо Кылычтын баа жеткиз кол жазмасын фонддун казынасына алууга жетишкен. Айтылуу акындын кол жазма түрүндөгү чыгармалары буга чейин табылбай келгендиктен, алар илим коомчулугуна жетпей, беймаалым бойдон кала берген. Молдо Кылычтын «Тар заман», «Зилзала», «Чүй баяны» сыяктуу кол жазмалары камыш калем менен жазылып, алар тери чаначка салынып, Соң-Көлдүн боюндагы мүрзөгө катылган. Баа жеткиз чыгармалар 15 жыл чамалуу көздөн далдоо жерде сакталып, кийин анын мураскерлери акындын эмгектери менен илим коомчулугу таанышууга убакыт жетти деген маалда барып, аларды тил жана адабият институту алган. Анткен менен бир канча жыл өтпөй кол жазманын мазмуну «идеологиялык талаптарга» жооп бербейт деп табылып, алар «горбачевдук перестройкага» чейин Илим Академиясынын кол жазмалар казынасында катылып турган.

Москвалык СССР Осоавиахим1-аткычтар мектебинин Борбордук кеңешинин тандалма командасы 1933-жылдын бул күнү толук курамы менен Фрунзе шаарына келген. Москвалык мергендер жергиликтүү аткычтарга куралды колдонуу ыкмасы менен тааныштырып, шыктуу мергендерге жеке машыгуу мүмкүнчүлүгүн ыроолошкон.

Кыргызстандын Баш мыйзамына жасалган кезектеги түзөтүү аракети 1998-жылдын 2-сентябрында башталган. Президент Аскар Акаев бул күнү Кыргызстан калкына кайрылып, баш мыйзам беш пункт боюнча оңдоп, түздөөгө муктаж экендигин билдирген. Мамлекет башччысы сунуш кылган түзөтүүлөр кош палаталуу парламентти курууга жана депутаттык кол тийбестикти өзгөртүүгө багытталган. Мындан тышкаары, жерге жеке менчик киргизилип, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга тыю салынып, бюджеттик популизмди чектөө сунушу негизги маселелер катары калк талдоосуна коюлган. Кыргызстан парламентинде биринчи жолу партиялык тизме боюнча шайлоо сунушу киргизилип,, партиялар парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 60 депутатынын он бешин партиялык тизме менен шайлоого жетишишкен.
XS
SM
MD
LG