-Өмүрбек мырза, жакында эле «Акыйкат үчүн!” кыймылы конструктивдуу оппозициялык күчтөрдү мурда-кийинки таарынычтарды унутуп, бийликтин системасына каршы чогуу иш жүргүзүүгө чакырды эле. Бул канчалык деңгээлде жемиштүү болот деп ойлойсуз? Оппозиция 2006-жылдын ноябрь же 2007-жылдын апрелиндегидей бир желектин алдына баш кошо алабы?
-Оппозициялык күчтөр бир желектин, бир максаттын алдына баш кошо алат. Бирок анын жыйынтыгы кандай болот деп коомчулук конкреттүү бир жыйынтыкты көздөп сурашат. Эң негизги жыйынтык –коомдук пикирди өзгөртүү, коомдук аракетти мобилизациялоо, бүгүнкү бийлик жүргүзүп жаткан саясатка баа берүү. Ушул баага мүмкүн болушунча көп адамдардын ынанышы. Мына ушуну биз негизги максат деп эсептейбиз. Бийлик үчүн негизги максат - элдин ишеничи болушу керек. Эгер эл ишенбесе, бийликтин кылган ишинин, айткан сөзүнүн күчү жок. Алардын алдына койгон максаты ишке ашпайт. Ошондуктан, “Ак Жол” партиясынын айрым депутаттарынын “Оппозициянын курултайынан майнап чыкпайт, Токтогул суу сактагычына суу толуп калбайт,” деген сөздөрү ушул кезде суу кечпейт. Токтогул суу сактагычындагы сууну үч жылдан бери элдин каршы болгонуна карабастан, арзан сатышты. Суунун өзүн сатпаса да, электр энергиясын сатып жатабыз деген шылтоо менен эки эсе арзан сатып, сууну эки эсе көп агызып, мына ушул кырдаалга алып келди. Бир да адам жазаланбастан, тескерисинче алардын баары министр, премьер-министр болуп чоңоюп отурат. Бул деген – жоопкерчилик жок, бийлик элдин пикири менен эсептешпейт, алардын сөзүн укпайт дегенди билдирет. Курултай элдин пикири менен эсептешкенге, элдин коомдук күч катары таанылышына шарт түзөт деп мен толук ишенем.
-Акыркы жарым, бир жылдын ичинде баалардын асмандашы, сомдун куну кеткени –элди саясаттан алыстатты, адамдар азыр күнүмдүк оокаты менен алек, оппозицияны ээрчибейт деген көз караштарга берер жообуңуз кандай?
-Оппозициянын күчү –элдин пикиринде. Акыркы убактарда баанын кескин көтөрүлүшү –өкмөттүн программасы, концепциясы жок экендигин далилдеп көрсөттү. Бул деген –эл өзүнүн эртеңине ишенбейт, өкмөттүн саясатына ишенбейт дегенди билдирет. Алар өлкөдө кырдаал, саясат өзгөрүшүн каалайт. Тескерисинче, баалардын кымбатташы, инфляциянын өсүшү –оппозициялык маанайдын күчөшүнө алып келди.
-Энергетикалык кризис өзгөчө кышында элдин толкундоолорун жаратышы ыктымал деген божомолдор бар. Сиз буга кошуласызбы?
-Мен бул эң биринчи кезекте элдин нааразычылыгына алып келээрине толук ишенем. Бирок нааразычылык менен толкундоолор эки башка нерселер. Ошондуктан, кандай массалык нааразылык акциялары болот, азырынча белгисиз, эч ким айта албайт.
-Өлкөдө сөз эркиндиги болуп көрбөгөндөй оор абалга кептелди деген тынчсыздануулар тынбай айтылууда. Бул өзгөчө эки эркин гезит «Алиби» менен «Де- фактонун» өлкө президентинин инисинин доо арызы менен жабылууга дуушар болгонунан кийин күчөдү. Сиз кандай ойлойсуз, мындай көрүнүш эмнеге алып барат - Кыргызстанда да коншулаш айрым өлкөлөрдөгүдөй темирдей диктатура орноосу мүмкүнбү?
-Бүгүнкү бийлик кыңк эттирбеген диктатура орнотууга аракет кылууда. Бүгүн алар кыска убакытка ийгиликке жеткендей пикирде турушат. Алар гезиттерди ар кандай шылтоолор менен мыйзамсыз түрдө жабуудан улам ошондой ойдо болуп жатат. Бирок биздин коомдун тарыхы да, коомдук аң-сезими да башка. Ошондуктан, андай кыңк этпес элди жана коомду бизде куруу кыйын.
-Өмүрбек мырза, сизге чоң рахмат!