Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

17:10 Араван районунда пахта терими башталды


Араван районунун дыйкандары 3-сентябрда пахта терүүгө киришти. Бул туурасында Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин агрардык саясат бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Камалов «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, быйыл облуста 11 миң гектардан ашык аянттан 30 миң тонна «ак алтын» өндүрүү болжолдонууда. Бул былтыркыга салыштырмалуу 2 миң тоннага аз. Себеби, пахтанын наркы түшкөндүктөн дыйкандар пайдалуу тармакка ооп кетишти, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугунан улам көбү буудай эгишти.
Көз карандысыз экономист Эркин Абдыразаков мамлекет күчтөп дан эктиргенге акысы жоктугун, андан көрө Кыргыз өкмөтү стратегиялык маанидеги пахтанын аянтын көбөйтүп, аны сатууга шарт түзүшү керек. (ATo)

XS
SM
MD
LG