Иранда жүрүп жаткан иликтөөнүн алгачкы жыйынтыгы ушул жуманын аягына чейин белгилүү болушу күтүлүп жатканын бүгүн вице-премьер-министр Элмира Ибраимова кырсыкта каза болгондордун туугандары менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. Учурда Ирандагы лабораторияда бул кырсыкта каза болгон элүү тогуз адамдын ДНКсы иликтенүүдө. (SM)