Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫНЫН БААТЫР БАЛБАНДАРЫНЫН СЫЙЛЫКТАРЫ


Баяндаган Кабыл Макеш, Бишкек 3-сентябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кытайда өткөн XXIX Бээжин олимпиадасында жеңишке жетишкен балбандар Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевди жана өлкөнүн курама командасынын мүчөлөрүнө, алардын устаттарына мамлекеттик сыйлыктарды жана акчалай байгелерди тапшыруу аземи болду. Эгемен Кыргызстандын спорт тарыхындагы алгачкы Олимпиадалык байгенин ээлерин жамы спорт сүйүүчүлөр дагы бир ирээт куттукташты. Президент Курманбек Бакиев Олимпиада жеңүүчүлөрүн куттуктап, мамлекеттик жана акчалай сыйлыктарды, “жип” үлгүсүндөгү автоунааларды тапшырды.


Бээжин Олимп оюндарына катышкан Кыргызстандын улуттук командасы


Бээжинге барбаса да урмат-сыйга арзыган Русландын устаты Амиркул Молдобаев


Канатбекти Таластан таап чоң спортко жолдогон Ороз Шаршекеев


Канатбек Бегалиев: 100 миң доллар байгеме ата- энеме үй алып берем


Руслан Түмөнбаев: “Жип” менен 75 миң доллар колдо, эми Лондонго даярдансамбы же ага чейин колукту алсамбы?


Базар Базаргуриев: Аттиң, бир чыгынганда коло байге колдо болмок экен, минтип 5-орун үчүн 15 миң доллар деле дурус болду. Карап тургула, Лондондо көрсөтөм!


Арсен Гитинов: Мен Сиднейде орустарга күмүш байге тартууласам, Бээжинден кийин кыргызстандыктар деле куру койбоду


Сыйлык алгандар катары


Эми Лондонду көздөй алга!


Эки медалист балбандын ак жолтой “кара жорголору”
XS
SM
MD
LG