Өткөн жума күнү сенатор Жон Маккейндин шайлоодо вице-президенттик үчүн ат салыша турган өнөкөшү ким экени жарыялангандан бери, АКШ маалымат булактары Пэйлин айымдын жашоо турмушунан таң калтырган фактыларды байма бай жаза башташты.
Мисалы, ал паракорлукка байланышкан иштерин жашыруу үчүн атайын адвокат жалдап алган, күйөөсү мас абалында автоунаа айдаганы үчүн камакка алынган, атүгүл турмушка чыга элек элек 17 жашар кызынын боюнда бар экени тууралуу ар кыл айың кептер жарыяланды.
44 жаштагы, мурда чакан бир шаардын сулуусу болуп тандалган, учурда Аляска штатынын губернатору болгон бул республикачыл саясатчы өз партиялаштары арасында өзгөчө белгилүү. Анткени ал христиан дининин эвангелистик агымынын өкүлү, ок атуучу курал алып жүрүүгө уруксат кылган мыйзамдын тарапкери жана аялдардын боюнчан алдырууга караманча-каршы чыккан айым.
Өткөн апта соңунан бери Пэйлин айым алгачкы жолу шаршемби күнү эл алдында чыгып сүйлөдү. Ал өз сөзүндө айрым маалымат каражаттары өзүнө сын ирээтинде айтылган жагдайларды өзү үчүн тескерисинче сыймыктанта турган көрүнүш катары кабылдаарын билдирди.
- Мен азыркы башкарып жаткан саясий бийликтин туруктуу мүчөсү эмесмин. Акыркы күндөрү мен бир нерсени түшүндүм, эгерде сен Вашингтондогу элитанын мүчөсү болбосоң, анда айрым кабарчылар сени ушул себептен гана профессионалдык деңгээли чабал талапкер катары баалашат экен. Бирок мен мындай ойдогу кабарчылар менен серепчилердин бардыгына мындай деп “чоң жаңылык” айтаар элем. Мен Вашингтонго алардын жакшы оюна жетүү үчүн бараткан жерим жок, мен Вашингтонго өлкөбүздүн элине кызмат кылайын деп баратам.
Ошондой эле вице-президенттикке талапкер Сара Пэйлин айым өзү губернатор болгон Аляска штатында жарым миллиард доллардык каражатты бөйдө коромжуга учуратуудан сактап, сарамжалдык менен чарба жүргүзүүгө жетишкенин айтып, ушул эле өңдүү ишти Вашингтондо да жүзөгө ашыраарын кошумчалады.
Деген менен айрым серепчилер Пэйлин айымдын сарамжалдуумун дегени чындыкка төп келбестигин айтышууда. Анткени Василла шаарынын мэри болуп турганда ал федералдык бюджеттен шаары үчүн жыйырма беш миллион АКШ долларын бөлдүрүү үчүн атайын Вашингтондон сүрөөнчү (лоббичи) жалдаганы белгилүү.
Ошондой эле ал Алясканын “Белгисиз жакка көпүрө” деген шылдың атка конгон курулушун ишке ашыруу максатында бюджеттен 400 миллион доллар каражатты талап кылган долбоорду эң башында колдоого алганы маалым. Аталган долбоор Америкадагы коррупциянын жана каражатты дайыны жок ысыраптоонун символуна айланган.
Пэйлин айым ошондой эле эл алдында Американын күйүүчү майдан көз карандылыгын кыскартаарын белгиледи, бирок сенатор Барак Обама сунуштаган сыяктуу атаандаш отун-кубат булактары жөнүндө бир да сөз каткан жок.
Анткен менен Республикачылар партиясынын мүчөлөрү Пэйлин айымдын талапкерлиги күтүлгөндөн жогору жана эң эле татыктуу болду деп ишенишүүдө.
Бирок Пэйлин айымдын өнөктөш катары тандалып алынышы Республикачылдар партиясына канчалык упай алып келээрин так айтуу кыйын. “USA TODAY” гезитинин алдын ала сурамжылоосунун жыйынтыгына караганда, Маккейн акыркы дем алыш күндөрдөн бери 42 пайыздан жогору колдоо ала элек. Ал эми анын атаандашы Сенатор Барак Обама сурамжылоодо 50 пайыз добуштук колдоого ээ болду.