Бүгүн парламенттин отурумунда күч органдарына тиешелүү бир катар мыйзам долбоорлор каралды. “Ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдүү киргизүү боюнча юстиция министри М.Кайыпов сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, президентке ички иштер органдарынын ишинин регламентинин жобосун, ИИМ кызматкерлеринин айлык акысын бекитүү укугу берилген. Аталган мыйзам долбоорду талкуулоодо депутаттар арасында кызуу талкуу жүрдү. СДПдан Жогорку Кеңештеги депутаты Мурат Жураев президентке күч органдарынын иш алып баруусу боюнча кеңири укуктарды берүүнүн канчалык зарылдыгы бар деген маселени көтөрдү. Талкуунун соңунда аталган мыйзам долбоорун депутаттар колдоп беришти. Парламенттин бүгүнкү отурумунда ошондой эле “Өзгөчө кырдаал жөнүндө”, “Күзөт кызматы”, “Жарандык коргонуу” , “Мобилизациялык даярдык” жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорлору депутаттардын көпчүлүк добушу менен колдоого алынды. (MSu)