Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

РОМАН ӨМҮРБЕКОВ-БЭЭЖИН ПАРАЛИМПИАДАСЫНА КАТЫШАТ


Эртең 6-сентябрда Кытайдын борбору Бээжинде кайрадан спорттук майрам башталганы турат. Бул ирет майып спортчулардын паралимпиадалык оюндарынын ачылыш аземинде кыргыз туусун эл аралык спорт чебери Роман Өмүрбеков жалгыз көтөрүп чыгат. Роман Өмүрбеков - Кыргызстандын намысын Барселона, Атланта, Сидней, Афины паралимпиада мелдештеринде коргоп келген, Европа жана Шериктеш өлкөлөр чемпиону.

Эртең Бээжинде кайрадан олимпиадалык маанай өкүм сүрөп, майып спортчулардын паралимпиадасынын оту жанат. Бул дүйнөлүк мелдешке кыргызстандан жалгыз оор атлетчи Роман Өмүрбеков гана катышса, Казакстандан элүүдөн ашуун, Өзбекстандан жыйырмага жакын, Тажикстандан 2 майып спортчу Бээжинге барышты. Роман Өмүрбековду коштогон анын устаты Аднан Жабраилов жана өлкөнүн майып спортчулар федерациясынын жетекчиси Климентий Эпельман Бээжиндеги Олимпиадалык айылга жайгашышты.

38 жаштагы эл аралык спорт чебери Роман Өмүрбеков оор атлетиканын пауэрлифтинг же чалкасынан жатып оордук көтөрүү боюнча Европанын жана Шериктеш өлкөлөрдүн үч жолку чемпиону. Ал 1992-жылы Барселона паралимпиадасына Кыргызстандан биринчи катышып, тогузунчу орунга илинген. Андан кийин Атлантада- сегизинчи, Сиднейде- жетинчи болсо, мындан төрт жыл мурда Афины паралимпиадасында алтынчы орунга жеткен.

Роман Өмүрбеков Бээжинге аттанаар алдында бул ирээт дагы көрсөткүчүн жогорулатууга аракет кылаарын айтып, кытайлык, кореялык, ирандык, египеттик жана орусиялык атаандаштарга каршы туруу кыйын болоорун билдирди.

Ошону менен катар эле ал Бээжинге даярдыктар бир аз чийки болуп калганын, анын себеби өз учурунда каражат бөлүнбөй эл аралык мелдештерге чыкпагандыгы менен түшүндүрдү.

Кыргызстандык эл аралык спорт чебери Роман Өмүрбеков Бээжин паралимпиадасынын оордук көтөрүү боюнча таймашка 10- сентябрда чыгат.

Чынында Романдын өмүр жолу башка мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга үлгү. Анын айтымында, көп кыйынчылыктарды жеңип, инчан катары калыптанып, ооруну жеңүү менен чемпион болушуна спорт чоң түрткү болгон.

Роман Өмүрбековду чоң спортко алып келип, оордук көтөрүүнүн сырларын үйрөткөн алгачкы устаты, майып спортчу Александр Качалов болгон.

Роман өлкө намысын коргоп, Европа жана Франция чемпиону, Шериктеш өлкөлөрдүн үч жолку чемпиону экендигине карабастан Бишкектен үй маселеси чечилбей күндө Кара-Балта шаарынан борборго машыгууга келип турган. Акыры 10 жыл чуркап жүрүп, былтыр гана Бишкектен бир бөлмөлүү үйгө ээ болду.

Өлкөнүн майып спортчулар федерациясынын жетекчиси Климентий Эпельмандын айтымында, каражаттын жоктугунан кыргызстандык спортчулар эл аралык мелдештерге, Азия оюндарына барбай калып, паралимпиадага жолдомо албай калышкан:

-Эл аралык паралимпиада комитети Кыргызстанга бир жолдомону ыйгарып, аны алууга Роман Өмүрбековдун он сегиз жылдык мээнети себепкер болду. Романдын байгелүү орунга жетүүсү кыйын болчудай. Себеби, анын аттандаштары абдан күчтүү. Бирок спорт деген чоң таймашуу да. Балким күтүлбөгөн окуялар да болуп кетиши мүмкүн.

Майып спортчу, өлкөнүн он жолку чемпиону Жыргалбек Балбаковдун пикиринде Кыргызстанда майып спортчуларга спорт жетекчилиги тарабынан көңүл бурулбай, каражат бөлүнбөй келет. Ошондуктан алар Бээжин паралимпиадасына жолдомо берүүчү бир дагы эл аралык мелдештерге, Азия чемпионаттарына бара алышкан эмес.

Ошол эле мезгилде спорт адистери майып спортчулардын чоң мелдештерге катышуусу үчүн мамлекеттик деңгээлдеги материалдык жана моралдык олуттуу колдоо зарыл экендигин байма-бай белгилеп келишет.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG