Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:56

14:41 Кыргызстанда массалык маалымат каражаттары фестивалы өтөт

Кыргыз-орус “Ысык-Көл-2008” аттуу фестивал 8-10-сентябрда жүрөт. Иш-чараны маданият жана маалымат министрлиги, туризм агенттиги жана Орусиянын журналисттер союзу бирге уюштурууда. Фестивалга жергиликтүү жана орусиялык журналисттер, мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышат. Иш-чарада массалык маалымат каражаттарынын өнүгүшү, ММК менен бийлик ортосундагы мамилелер өңдүү бир топ маселелер талкууланат. Ошондой эле “Белгисиз Сибирь” журналынын бет ачаары болот.(AiJu)
XS
SM
MD
LG