Бүгүн (ишембиде) Пакистанда мурдагы президент Первез Мушаррафтын ордуна жаңы президент шайланмакчы. Бийликке аскердик төңкөрүш аркылуу келген генерал Мушарраф учурдагы коалициялык өкмөттүн импичмент жарыялоо аракетинин алдын алып, 18-августта өз ыктыяры менен кызматынан чегинген. Асиф Али Зардари, киши колдуу өлгөн мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун күйөөсү жана ушул тапта Пакистан Элдик партиясынын лидери, мамлекет башчылыкка шайланаары жоромол кылынууда. Добуш берүү өлкөнүн парламентинин кош палатасында жана төрт аймактык (вилайеттик) кеңеште жүргүзүлмөкчү.