Москвада Борбор Азиядан төрт өлкө мүчө Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммити өттү. Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан , Тажикстан Орусиянын Кавказдагы аракеттерине оң, ал эми Грузияныкына терс баасын бергени менен Түштүк Осетия жана Абхазиянын көз карандсыздыгын таанууга барган жок. Саммиттин соңунан айтылгандай, алар бул маселени өз алдынча аныкташат.
Орусия жана Өзбекстан өзбек –түркмөн газын Орусияны көздөй агызууну караган жаңы куур төшөөнү макулдашты. Ташкентке орус өкмөт башчысы Владимир Путин барган.
Тажикстан элге электр кубатын берүүнү чектесе, Өзбекстан Тажикстанга газ берүүнү кыскартты.
Өзбек укук коргоочулары диний ишениминен улам түрмөгө түшкөндөрдүн абалы өтө оор экенин кайрадан билдиришти.
Казакстанда парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө - 2012-жылы өтөт. Казак президенти Нурсултан Назарбаев парламентте сүйлөгөн сөзүндө мына ушинтип ырастады. Бирок айрым талдоочулар президенттин чечими саясий коньюктурга жараша өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин белгилешет.