Ага чейин Райс Ливия Жамахириясында тарыхый мааниси чоң сапарда болду. 55 жылдан бери бир да америкалык мамлекеттик катчы Ливияга каттай элек болчу. Вашингтон менен Триполинин ортосундагы алакалар 1980-жылдардын башында, АКШ Ливияны терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесине киргизгенден кийин үзүлгөн. Триполиде Райс Ливиянын лидери Муаммар Каддафи менен сүйлөшүү өткөрдү.