“Акыйкат үчүн” кыймылынан “Азаттыкка” билдиришкенге караганда, анда өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал талкууга алынып, аталган кыймылдын ишин жандантуу маселелери каралат. Ошондой эле оппозициялык күчтөр сунуштап жаткан Кыргызстанды өнүктүрүү концепциясы талдоого алынмакчы. Үчүнчү отурум ушул айдын орто ченине белгиленүүдө. Быйыл жыл башында түзүлгөн коомдук парламенттин курамында бир катар саясий партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана саясий ишмерлер бар.(SM)