Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:59

ВЕНЕСУЭЛА МЕНЕН ОРУСИЯНЫН ДЕҢИЗ АСКЕРЛЕРИ ЧОГУУ МАШЫГАТ


Жаңыл Жусубжан, Прага ш. Венесуэланын бийликтери өзүнүн аймактык сууларында Орусиянын аскер деңиз кемелери менен биргеликте деңиз машыгуусун өткөрөөрүн жарыялады. Лаптын Америкасындагы бул машыгуу тууралуу Вашингтон менен Москванын Грузиядагы соңку окуялар боюнча кайым айтышуусу күчөгөн мезгилде маалымдалды.

Ноябрга пландалган машыгуу Грузиядагы окуялардын айынан АКШ менен Орусиянын ортосун кара мышык аралаган учурга туш келүүдө.

Венесуэланын аскер деңиз күчтөрүнүн стратегиялык чалгын кызматынын жетекчиси билдиргендей, 10-14-ноябрдагы согуш оюндарына Орусиядан бир миң деңиз аскери катышат.

Адмирал Салбаторе Каммарата Бастидастын "Бул Орусиянын Латын Америкасындагы алгачкы аскердик машыгуусу болгондуктан, ал зор мааниге ээ" деп айткандыгын жергиликтүү маалымат каражаттары жана Франциянын АФП кабар агенттиги кечээ (ишембиде) жазып чыкты.

Бул машыгуу тууралуу Вашингтон менен Москванын Грузия боюнча кайым айтышуусу күчөгөн мезгилде кабарланды.

Кечээ (ишембиде) Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Америка Кошмо Штаттарын Грузияга кайрымдуулук жардамды согуштук кемелер менен жеткирип жатат деп айыптаган:

- Тилекке каршы, мындай өлкөлөрдүн иш-аракеттеринин натыйжасында Грузиядагы режим бекемделип жатат. Тактап айтканда, гуманитардык жардамдын желеги астында бул кайрымдуулук жардамды жеткирүүгө бүтүндөй кемелердин флотилиясы жиберилип жатат.

Өзүнүн кеңеш берүүчү Мамлекеттик кеңешинин жыйынында сүйлөгөндө президент Медведев ошондой эле өткөн айдагы Грузиядагы согуштук жаңжалдан кийин Орусия эсептешүүгө татыктуу өлкө болуп калгандыгын да кошумчалай кетти.

XS
SM
MD
LG