Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

АКШ өкмөтү эки ипотекалык компанияны көзөмөлгө алууда


АКШ өкмөтү “Фанни Мэй” жана “Фредди Мак” аттуу ири эки ипотекалык компанияларды убактылуу көзөмөлгө алат. Бул тууралуу АКШнын Каржы министри Генри Полсон билдирди. Анын айтымында, мындай чечим бул компаниялардын өлкөнүн каржы тармагындагы өзгөчө мааниге ээ болгонуна байланыштуу кабыл алынды. ”Эгерде эки компаниянын бирөө гана банкрот болсо, бул АКШ жана дүйнө жүзүндөгү каржы базарына олуттуу таасирин тийгизет”, - деди Генри Полсон. АКШдагы ипотекалык кризистен улам бул эки компания бир нече айдан бери каржы жардамына муктаж болуп келген. Эки компаниянын тең жетекчилиги кызматынан бошотулду, эми алардын ордуна өкмөт тарабынан дайындалган адистер келмекчи.

XS
SM
MD
LG