Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:33

13:10 Былтыр кыргызстандык алтымыш миңдей адам Орусиянын жарандыгын алган


Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков билдирди. К. Исабеков ал адамдардын кайра тарыхый мекени Кыргызстанга келүүсүнө шарт түзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, кош жарандуулук жөнүндөгү мыйзам былтыр жазында президент кол койгондон тарта күчүнө киргенин айтты. Мыйзам чегинде Орусиянын атуулдугун алгандар кыргыз жараны болуп кала берерин баса белгиледи. Вице-спикер кош жарандуулуктун жоопкерчилиги да бар экенин, кыргыз өкмөтү эң оболу орусиялык кесиптештери менен бул жаатта келишим түзүп, жашы жеткен жигиттер кайсы мамлекетке кызмат өтөйт, зыянат акыны кайдан алат, салыкты кайсы мамлекетке төлөйт, камсыздандуруу сыяктуу маселелер өкмөттө каралышы керектигин эскертти. (EBM)

XS
SM
MD
LG