Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

16:06 Жогорку Кеңеш абактарда болгон окуяларды иликтөө максатында депутаттык комиссия түздү


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Летова “Азаттыкка” билдирди. Коргоо, коопсуздук жана соттук-укуктук реформа боюнча комитеттин бүгүн болгон жыйынында №16 абакта жана андан кийин өспүрүмдөр абагында болгон окуяларды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү чечти. Комиссия 29-сентябрга чейин окуяны иликтеп, парламентке маалыматын берет. Белгилүү болгондой июль айында №16 абакта болгон окуяда Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын эки кызматкери жана абакта жаткан эки адам өлгөн. Абактарда болгон окуя тууралуу депутаттарга юстиция министринин орун басары С.Зубов маалымат берди.(AiT)

XS
SM
MD
LG