Бул кеңеште оппозициялык күчтөр биргелешип аракеттенүү маселесин талкуулашат. Социал-демократтардын делегациясын партиянын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов жетектөөдө. Ал эми “Акыйкат үчүн” кыймылдан кеңешке Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов жана башка лидерлер катышууда. Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев Түркияда сапарда болгондуктан бүгүнкү кеңешке катыша албаганы кабарланууда. “Ата мекен” партиясынын лидери Өмурбек Текебаевдин айтымында, социал-демократтар менен кыймылдын өкүлдөрү буга чейин бейформал жолушууларды өткөрүп келаткан. Өткөн жума күнү башталган жолугушуулар расмий түрдөгү жолугушуулар болууда. (AiT)
16:38 Бишкекте “Акыйкат үчүн” кыймыл менен Социал-демократиялык партиянын кеңешүүсү башталды