Бул тууралуу бүгүн жергиликтүү жана шаардык кеңешке депутаттарды шайлоону уюштуруу боюнча жыйында Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев билдирди. ИИМдин баардык бөлүмдөрүндө күн-түнү иштеген күзөт бөлүмдөрү ачылаарын маалымдады. ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче шайлоо өнөктүгү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда милиция кызматкерлеринин иш-аракеттери тууралуу көрсөтмө иштелип чыгып бекитилди. (EBM)