Бүгүн Бишкекте эки тараптын делегациялары жолугушуп, биригүү чечимине келишти. Социал-демократтардын делегациясын партиянын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов жетектеди. Ал эми “Акыйкат үчүн” кыймылдан кеңешке Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов жана башка лидерлер катышты. Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев Түркияда сапарда болгондуктан бүгүнкү кеңешке катыша албады. Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, оппозиция башка саясий күчтөр жана саясатчылар менен кеңешүүлөрдү улантып, бирдиктүү жаңы ат менен чыгат.(AiT)