Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

АКШда ипотекалык кредитке адистешкен эки ири компания өкмөттүн көзөмөлүнө өттү


Мындан улам Европанын жана Азиянын баалуу кагаздар базарындагы бүгүнкү сооданын башталышында акциялардын наркы жогорулады. Мунун алдында Кошмо Штаттарда ипотекалык кредиттерге адистешкен эки ири компания "Фэнни Мае" менен "Фредди Мак" өкмөттүн көзөмөлүнө өткөнүн өлкөнүн каржы министри Генри Полсон жарыялаган. Аталган эки компанияга АКШдагы ипотекалык кредиттин жарымына жакыны таандык жана турак –жай базарындагы кризистен улам алар миллиарддаган доллардык чыгымга кириптер болгон.

XS
SM
MD
LG