Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

С.РАЕВ: ФЕСТИВАЛДА БИРДИКТҮҮ ИНФОРМАЦИЯЛЫК МЕЙКИНДИК ТУУРАЛУУ СӨЗ БОЛОТ


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек Бүгүн 8-сентябрда Чолпон-Атада Кыргызстан менен Орусиянын маалымат каражаттарынын “Ысык-Көл-2008” фестиваль башталды. Эки өлкөнүн маалымат каражаттарынын кызматкерлерин бириктирген бул иш чара тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу маегинде Маданият жана маалымат министри Султан Раевди сөз куруп берди.

- Султан мырза, адегенде айтсаңыз бул иш чара эмне максатты көздөйт? Кандай нукта өтөт?

- Бул иш чараны биринчи жолу Кыргызстан-Орусия массалык маалымат каражаттарынын фестивалы деген аталышта өткөрүп жатабыз. Негизги максатыбыз Кыргыз-Орусия журналисттеринин ошондой эле маалымат каражаттарынын ортосундагы маалымат байланышын чыңдоо жана Орусиядагы Кыргызстандын, Кыргызстандагы Орусиянын маалыматтарын чагылдыруунун обьективдүү жолдорун, массалык маалымат каражаттарынын ортосундагы байланышты түзүү максатын көздөйт.

Бул фестиваль биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Негизи буга биздин маданият министрлиги жана Орусиянын журналисттер союзу демилгечилерден болушкан. Бул фестивалга жүздөн ашуун орусиялык журналисттер келди. Алар Орусиянын эң белгилүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү.

- Султан мырза, маалымат каражаттары жөнүндө абдан көп проблемалар айтылып келе жатат. Ушул фестивалда кандай меселелер көтөрүлүшү мүмкүн?

- Бул иш-чарада бирдиктүү информациялык мейкиндик жөнүндө сөз болот. Ошондой эле массалык маалымат каражаттары аркылуу байланыштарды түзүү, мындан ары байланышты чыңдоо маселеси жана эки өлкөнүн турмушун, андагы болуп жаткан жаңылыктарды чагылдырып туруу маселелери камтылган.

- Эмне үчүн фестиваль деп атадыңыздар? Тегерек үстөл эмес же конференция эмес...
-

- Бул өзү формасы жагынан бир аз башкачараак. Журналисттер бири-бири менен эркин байланыш түзүүгө ошондой эле ар бир топ иш чаралар менен негизделген. Андыктан бул жерде сөздүн, байланыштын эркин түрү тандалып алынган. Буга биздин массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да катышат. Чыгармачылык атмосфераны түзүүнү көздөдүк.

-Бул фестиваль кандай тыянак бериши мүмкүн?

- Бул фестивалдын аягында жыйынтыктоочу документ кабыл алабыз. Мындан ары Кыргызстан-Орусия массалык маалымат каражаттарынын мамилесин, маалымат алмашуу жактарын чыңдоо маселеси дагы каралат. Мунун максаты эки өлкөнү бири-бири менен кеңири таанытуу.

Дагы бир өзгөчөлүгү биздин жарандыр-мигранттар Орусияда көп иштеп жүрүшпөйбү. Кыргызстан жөнүндө чагылдыруу маселеси каралат деп айрыкча Сибирь чөлкөмүнөн көп журналисттер көп келишти. Бул фестивалдын эки тарапка тең бир топ пайдалуу жактары бар деп ойлойм.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG