Беларустун ири экспорттоочу концернине таандык компанияларга каршы санкциялар май айында киргизилген. Боек чыгарган “Лакокраска” жана “Полотц Стеколоволокно” фирмалары Беларустун мунай өндүрүүчү эң чоң компаниясына –“Белнефтехимге” кирет. Анын курамындагы бир катар башка ишканаларга киргизилген санкциялар күчүндө кала берүүдө.
Сөз болгон эки фирмага каршы жазалоочу чараларды алып салуу чечими Минск бир нече саясий туткунду бошоткондон кийин кабыл алынды.
Оппозициядагы Беларустун элдик фронтунун төрага орун басары Алексей Янукевич Вашингтондун чечимин мындайча комментариялады:
Бул – туура кадам, себеби көпчүлүк саясий туткундар абактан чыгарылды. Белгилей кетсек, Александр Казулиндин коё берилишин АКШ жана эл аралык коомчулук талап кылып келген. Андрей Ким, Сяргей Парсюкевич да азаттыка чыкты. Беларус бийликтери реалдуу кадам жасады. Комшо Штаттардын жообу, менимче, туура ошол эле маалда чектелүү болду. Санкциялар алты айга гана токтотулбадыбы. Лукашенко режимине өлкөнү демократиялаштыруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул багытта эч кандай чара көрүлбөсө, анда АКШ санкцияларды калыбына келтирип, кошумча чектөөлөрдү киргизиши ыктымал.
Казулин 2006-жылдын март айында президент Лукашенко 3-мөөнөткө шайлангандан кийин нааразылык демонстрацияларды уюштургандыгы үчүн беш жарым жылга эркинен ажыратылган. Шайлоодо ал Лукашенкого атаандаш болуп чыккан. АКШ жана Европа биримдигинин ырастоосунда, ал өнөктүк мыйзам бузуулар менен өткөн.
Бирдиктүү жарандык партиянын лидери Анатол Лябедзка парламенттик шайлоо адилет өткөрүлсө, Батыштан позитивдүү кадамдарды күтсө болот деген ойдо:
28-сентябрь Беларус бийлиги үчүн сынак болуп калмакчы. Алар добуштарды, шайлоочуларды калыс санай алгандыгын далилдешсе, байкоочуларга бардык процесстерге көз салып турууга мүмкүнчүлүк беришсе, Евробиримдик жана АКШ кошумча кадам жасайт деп ишенем.
Августтун этегинде АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Дэвид Меркел эки өлкөнүн алакаларын жакшыртуу жолдорун талкуулоо үчүн Минскиге барган. Ассошейтед Пресс агенттигинин кабарлоосуна караганда, Ак үйдүн өкүлү калган санкциялардын күчүнөн кетирилиши парламенттик шайлоого багынкы болмокчу деп ачык айтты.