Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

CCCРдин ТАГДЫРЫН СНГ (КМШ) КАЙТАЛАЙБЫ?


“КМШ”глобалдуу кысымдарга туруштук бере алабы?” Мына ушул темадагы Папан Дүйшөнбаевдин макаласын “Кыргыз туусу” гезити жарыялай баштады. Автор макаласында АКШнын ХХ кылымдагы эң чоң саясый стратеги Збигнев Бзежинский келечекте Евразия континентине АКШ үстөмдүк кыла тургандыгын жадабай айтып келаткандыгын, Евразияга үстөмдүк кылууга жетишкен күч дүйнөнүн алдыңкы жана экономикалык жактан өнүккөн үч аймагынын экөөн башкарарын, дүйнөдөгү калктын 75 пайызга жакыны мына ушул аймакта жашарын, дүйнө байлыгынын көбү да ушул жерде экендигин белгилеп, америкалык чоң саясатчынын божомолдору ырасталабы же жокпу, ал биринчи кезекте Евразия континентиндеги саясый, экономикалык процесстердин өнүгүүсүнө жараша болорун, бирок Евроазиялык континет деген саясый аныктама бүгүн Орусия жана Кытай аркылуу гана түшүндүрүлөрүн, анткени аталган континеттин калган бөлүгү эбактан бери АКШнын сясый, экономикалык чыргасын тагынганын айтат баяндамачы.

Бүгүн дейт ал, АКШнын Грузиянын коргонуу чөйрөсүн реформалоо үчүн бөлгөн каражаттарынын суммасы эле 150 млн. доллардан ашып кетти, кечээ Америка дагы 1 млрд. доллар берерин шардана кылды.

Кыргызстандын айыл чарбасын, өнөр жайын кыйратып, сырткы карыздарын баштан ашырууга глобалисттердин колундагы эларалык уюмдардын салымы чоң болгондугун, анткени алар мындай жардамы менен жогорку бийлик бутактарында тургандарды сатып алып, өзүлөрү каалаганын ишке ашырса боло берет экен, буга Кыргызстандын жаңы тарыхы күбө деп жазды.

Ушуга окшош ойду андан ары кыргыз тилдүү “Кыргыз руху” гезити “Кавказская карта запущена, а тепер берегитесь от Среднеазиатского сценария” деген орус тилиндеги макаласы менен улады. Макаланын автору М. Горбачевдун учурундагы СССРдин кыйрашы да дүйнөлүк алакактагы жаңы доордун башталышынын сценарийи менен ишке ашканын, Батыш эми Америка менен бирдикте анын экинчи сценарийин ишке киргизип жатканын, максаты КМШны талкалоо жана эл аралык форумдарда добуш берүү укугуна жарай албаган майда-барат мамлекеттерге бөлуп-жаруу экендигин, Батыштын номур биринчи душманы бүгүн Орусия менен Кытай болуп саналарын жазып, ал эми Борбор Азия менен Казакстан сырьенун булагы бойдон каларын, Америка илгертен бери башка мамлекеттердин эсебинен жашап келгенин, өз кызыкчылыгы үчүн керек болсо бардык өлкөлөрдү экинчи Иракка айлантып жиберүүдөн да кайра тартпастыгын, ошентип дүйнө кайрадан чоң саясый оюндун алаканына түшкөнүн, бул оюн кандай аяктарын эч ким айталбастыгын, ал ойнолуп бүткөн соң чабуул кудуреттүү Кытайга жасаларын, ал жерде эбактан бери эле Кытайдан бөлүнүп жашоону эңсеп келаткан миллиондогон уйгурлар жашарын кеп кылды.

“Элди жаңы революцияга даярдап жаткан адамдар жаңы өкмөттө олтурат”. Мына ушундай аталыштагы ЖК депутаты Бакыт Бешимовдун интервьюсу “Ачык саясат” гезитине басылып чыкты. 91-жылдан баштап азыркы күнгө чейин Кыргызстандын тарыхы кылмыштуу тарыхка айланганын, көз карашты, мамилени, элди башкарууну өзгөртүп, башаламандыкты токтотууга мезгил жеткенин, Кыргызстан бир үй бүлөлүк башкаруудан экинчисине өтө берип тарыхына балта чапканын, бүгүн элди жаңы революцияга даярдап жаткан адамдар оппозицияда да эмес, бийлик кемчилигин ачык айткандардын арасында да эмес, өкмөттүн өзүндө олтурганын, Кыргызстан өнөкөт кризиске кабылганын, Бакиев президент болуп шайланып, резиденциясына депутаттарды сый тамакка чакырганда сөз алып “Тунгуч президентибиз Элин, Мекенин таштап качып кетти, мындан чоң жыйынтык чыгаралы. Сиздин калк сыйлаган калыс президент болушуңузду каалайм. Андай президент болуш үчүн жүргүзгөн саясатыңыз жөнөкөй кыргызстандыктын кызыкчылыгын көздөгөн саясат болуп, үй бүлөлүк башкаруудан таптакыр баш тартыңыз” деп айтканын, бирок андай болбогонун, үмүт аткарылбаганын, мурдагы Акаевден бери келаткан коррупциялык система жоюлмак тургай андан да күчөгөнүн баяндады.
XS
SM
MD
LG