Бул тууралуу өкмөт башчы Игорь Чудинво бүгүн социал-демократиялык фракциянын депутаттары менен жолугушууда билдирген. Өкмөт башчы ошондой эле электр жарыгы элге 15-октябрдан тарта үзгүлтүксүз берилерин, Бишкек ТЭЦи көмүр менен камсыз болорун билдирген. Фракциянын депутаттары өз кезегинде энергетикалык кризиске алып келген жогорку кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында өз пикирлерин айтышкан. Бул тууралуу социал-демократиялык фракциянын жетекчисинин орун басары Иса Өмүркулов “Азаттыкка” билдирди. Анын пикиринде, өкмөттө энергетикалык кризистен чыгуунун так планы жок. Ошондуктан айтылган сөздөргө ишеним жок. Абал болсо оорлошуу жолунда.(AiT)